Казакстандык оор атлетчи 2016-жылдагы Олимпиаданын алтын медалынан ажыратылды

Оор атлетика боюнча Казакстан улуттук курама командасынын оор атлетчиси Нижат Рахимов допингге каршы эрежелерди бузганы үчүн алтын медалынан ажыратылып, сегиз жылга спорттон четтетилди. Бул Спорт арбитраждык сотунун (CAS) расмий сайтына маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Рахимов 77 килограммга чейинки салмак ченинде 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын чемпиону. CAS белгилегендей, Рахимовдун 2016-жылдын 15-мартынан 2021-жылдын 18-январына чейинки бардык жыйынтыгы жокко чыгарылат.

2021-жылдын январында Эл аралык тестирлөө агенттиги (ITA) спортчуну допингге каршы эрежелерди бузган деп айыптаган. Спорт арбитраждык соту казакстандык оор атлетчинин төрт заара үлгүсүн алып, жыйынтыгында күнөөлүү деп тапкан.

Нижат Рахимов 1993-жылы 13-августта Баку шаарында төрөлгөн. Улуту этникалык азербайжан. 2010-жылы Азербайжан курамасынын курамында Сингапурда өткөн өспүрүмдөр арасындагы жайкы Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен. 2013-жылы Перуда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген. Ошол эле жылы ал допинг колдонгону үчүн эки жылга спорттон дисквалификацияланган.

2014-жылдын август айында Рахимов Казакстандын жарандыгын кабыл алып, Казакстандын курама командасына кошулууга макул болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан