Баскетболчу Коби Брайант “Лейкерс” клубу менен келишимдин мөөнөтүн узартты

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында жаракат алган 35 жаштагы баскетболчу Коби Брайант өзү ойноп келген “Лейкерс” клубу менен жаңы келишимге барды. Бул тууралуу УБАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, баскетболчу клуб менен 2 жылдык келишим түздү. Жаңы макулдашуунун шарты боюнча “Кара жылан” атка конгон оюнчу жакынкы эки жылда жылына 48 миллион доллар өлчөмүндө маяна алат. Буга чейинки келишим боюнча анын жылдык маянасынын өлчөмү 30 миллион долларды түзүп келген.  

Эске салсак, Брайант жаз айында алган жаракатынан улам баскетбол аянтынан алыстай түшкөн. Анын качан жаракатынан сакайып, калыпка келери белгисиз. Бирок ал ойногон “Лейкерс” клубу батыш аймагынын биринчилигинде быйылкы сезонду ийгиликтүү баштады. Команда 14 оюнда 7 жеңиш камсыздап, азырынча 11-орунду ээлеп келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан