Банкка барбай туруп Россиядан Кыргызстанга кантип акча которсо болот

Россиядан акча которууларды «О!Деньги» капчыгына ыңгайлуу жана дароо алса болот. Колдонуунун жөнөкөйлүгү жана каражаттардын дароо эсепке киргизилиши Кыргызстандагы жакындарыңызга акчалардын керектүү учурда оңой жана ыкчам которулушуна мүмкүнчүлүк берет.

Акча которууну Россиянын каалаган булуң-бурчунан QIWI капчык жана терминалдары, «Сбербанк Онлайн» банктык сервиси, ошондой эле Contact акча которуулар тутуму аркылуу ишке ашырса болот.

Видеосерепти көрүңүз: (https://www.youtube.com/watch?v=dsd8bpLs_ko)

Каражаттарды 24/7 режиминде өлкөнүн каалаган бурчунан банктык бөлүмдөргө барбай туруп алса болот. Алынган каражаттарды дароо тиркемедеги 2 000ден ашуун сервистерди төлөөгө жумшап, же банктык картанын жардамы менен же бүт Кыргызстан боюнча жайгашкан каалаган 100 O!Store дүкөнүнүн биринен накталай акчага айландырып алуу мүмкүн. Жакын жайгашкан филиалын «Мой О!» тиркемесиндеги картадан таап алса болот.

Акча которуу үчүн комиссияны акча жөнөтүүчү төлөйт:

  • QIWI капчыгы жана терминалдары аркылуу: 0%.
  • «Сбербанк Онлайн» аркылуу: 3 миң рублга чейин акча которууларда – 30 рубль, 3 миңден ашкан учурда – которулган суммадан 1 %
  • Contact тутуму аркылуу которулганда комиссия багыттарга жана которуунун валютасына жараша белгиленет

«Мой О!» тиркемесин шилтеме аркылуу орнотуп алыңыз: Google Play же App Store.

Тиркеме тууралуу

«Мой О!» тиркемеси – бул «О!Деньги» капчыгын, О! абонентинин жеке кабинетин жана «О!Маркет» маркетплейсин бириктирген санариптик экотутум.

«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:

  • О! номерин башкаруу жана жакындардын балансына кам көрүү;
  • 2 000ден ашуун сервистерди телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан онлайн төлөө;
  • Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Украинанын банктарынын капчыктарын жана карталарын толуктоо;
  • 10%га чейин кешбэкке ээ болуу;
  • «О!Деньги» капчыгын О! Мобилдик операторунун 3 000 төлөм терминалдарынан комиссиясыз толуктоо;

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лицензиясы: №037.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан