"Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун оюнчусу Поль Погба Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Атлетико Мадрид" клубу менен болгон жооптук оюнда уурулар Дүйнө чемпионунун медалы салынган сейфти уурдап кетишкен. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Бул беттеш 15-мартта болуп, 1:0 эсебинде мадриддик клубдун жеңиши менен аяктаган. Эки беттештин жыйынтыгында "Атлетико Мадрид" клубу турнирдин чейрек финалына чыкты.
"Мен жана менин үй-бүлөм жакшы. Мен абдан укмуштуудай аптаны башымдан өткөрдүм. Чемпиондор Лигасындагы оюнда негизги курамда талаага чыкпай турганымды билгенден кийин үйүмө кеткем. Үйгө барган учурда уурулар келип сейфимди уурдап кеткенин билдим. Сейфте апамдын зер буюмдары, дүйнө чемпиондугундагы медалым бар болчу. Мени эң чочутканы окуя болгон учурда үйдө эки балам үй кызматчысы менен болгону болду. Үй кызматчысы балдар менен бөлмөгө бекинип алган. Эң негизгиси балдарым жакшы", - деген Погба.
Эске салсак, Поль Погба Франция курамасы менен 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип алган.