Криштиану Роналду жаракатынан улам түркиялык “Галатасарай” менен ойнобойт

Мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду жаракатынан улам УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 5-турунда түркиялык “Галатасарай” менен ойнобойт. Мындай маалыматты бүгүн, 26-ноябрда испаниялык басылмалар таратты.

Маалыматка ылайык, португалиялык футболчу Испаниянын чемпиондугунун 14-турунда “Реал”-“Альмерия” беттешинде жоон санынын тарамышын чоюп алган. Мындан улам ал УЕФАнын Чемпиондор Лигасында түркиялык “Галатасарайга” каршы ойнобошу мүмкүн дешет. 

Эске салсак, быйылкы 2013-2014 сезонунда футболчу Испаниянын чемпиондугунда 14 оюнда 17 гол киргизген. Ал эми УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 4 оюнда киргизген голдорунун санын 8ге жеткирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан