UFC: Атактуу мушкер Конор Макгрегор Дублинде камакка алынды

Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор унааны этиятсыз айдагандыгы үчүн полиция тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Макгрегор Дублинде жол эрежесин бузган деген айып менен камакка алынган. Макгрегордун болжол менен баасы 170 миң евро болгон Bentley унаасы менен чогуу камакка алынган спортчуга айып тагылгандан кийин ал күрөө коюп, андан кийин коё берилген. Бул иш боюнча сот келерки айда болот.

Белгилей кетсек, Ирландияда унааны кооптуу айдагандарга 5 миң еврого чейин айып пул салынат же алты айга эркинен ажыратылат.

2017-жылы Макгрегор унааны катуу ылдамдыкта айдаганы үчүн сот 400 евро айып пул салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан