Бүгүн, 25-мартта футбол боюнча Италия менен Түндүк Македониянын курама командаларынын ортосунда Катарда өтө турган дүйнө чемпиондугуна тандоонун алкагында жарым финалдык беттеш орун алды. Беттеш 1:0 эсебинде македониялыктардын жеңиши менен аяктады.
Муну менен Роберто Манчининин футболчулары катары менен экинчи дүйнө чемпиондугуна катышпай калышты. 2018-жылы италиялыктар Орусияда өткөн дүйнө чемпиондугуна катышпай калган.
"Евро-2020" турниринде Италия курама командасы финалда Англияны пенальтилер сериясында утуп, Европа чемпиону аталган.
Буга чейин Италия курама командасы жеңилбегендердин арасында дүйнөлүк рекорд жаңырткан. 6-сентябрда Роберто Манчининин шакирттери Швейцария курама командасы менен 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 0:0 эсебинде тең чыгып, Италия курамасы жаңы рекорд койгон. Буга чейин бир дагы улуттук курама команда 36 оюн катары менен утула элек болчу.