Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрь күнү саат 20:34 чамасында Чүй облусунун Токмок шаарында өрт кырсыгы катталган. Анда турак үйдүн бир бөлмөсү өрттөнгөн. Тилсиз жоо электр жабдууларынын техникалык пайдалануудагы эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан. Үйдөн 1937-жылы туулган Б.В. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.