Биринчи жолугушуусу "Ош базарда" болгонун айткан "Универсал" командасынын оюнчусу Жакшылык Аматов менен жубайы Милана Курстанбек кызы порталыбызга маек курушту.
"Алгач биз социалдык тармак аркылуу таанышканбыз. Жубайым менин "Тамашоудо" ойногонумду билчү эмес. Келинчегимдин баскан, турганын карап эле отурчумун, кийимиң сонун жарашыптыр деп мактап койчумун. Ошентип 3 ай өткөндөн соң жолуктук. Биздин жолугушуубуз дагы өзгөчө болгон, тагыраагы, "Ош базардан" жолукканбыз дейт", - Жакшылык Аматов.
Түгөйлөрдүн кызыктуу маегин SUPER.KG порталынан жана SUPER.KG ютуб каналынан көрө аласыздар.