Кыргызстандык бийчилер “Күз вальсы-2013” мелдешинде 6 медаль утушту

Кыргызстандык бийчилер бий спорту боюнча Алматыда өткөн “Күз вальсы-2013” мелдешинде 6 медаль утушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда бий спорту боюнча федерациядан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жуптуктар мелдеште жашына карап түрдүү категорияларда оюн көрсөтүштү.

Түрдүү категорияларда оюн көрсөтүшкөн кыргызстандык Говард Чолпонбаев жана Азиза Жолдошева жуптугу алтын медаль утушту. Алишер Сейдалиев&Адель Жээренчиева, Александр Шефлер&Амина Надирова жуптуктары күмүш утушса, Алексей Чебаков&Ирина Лысенко жуптугу колого татыды.  

Европалык программада чоңдор арасында Давид Саламау жана Ксения Тетерева алтын медаль тагынышты. Ушул эле программа боюнча бул жуптук жаштар жана чоңдор категориясында бийлеп, коло медаль утушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursyi
2013-11-26 13:23:23
Женуучулорду куттуктайм! Суроттору же, видеосу болсо жуктоп койгулачы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан