MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү жана 2G/3G/4G түйүндөрүн оптимизациялоо багытында пландалган иштерин улантууда.
Компаниянын Өнүгүү стратегиясына ылайык, аймактардын инфраструктурасын модернизациялоо программасы жигердүү ишке ашырылып жатат, алардын ичинде Баткен облусу өзгөчө орунда турат. MegaCom компаниясынын адистери тарабынан аталган аймакта заманбап, жогорку технологиялык түйүндүн курулушу жүргүзүлүүдө. Мындай иш-аракеттер, өз кезегинде байланыштын сапатын бир топ жакшыртып, облустун калктуу конуштарында 2G/3G/4G түйүндөрүнүн кубаттуулугун жогорулата тургандыгы бышык.
Интернет жана уюлдук байланыш кызматтарына суроо-талаптын күндөн-күнгө өсүп жаткандыгына байланыштуу MegaCom байланыш түйүнүн өнүктүрүүгө белсене киришип, Кыргыз Республикасынын калктуу аймагынын 99%дан ашыгын, өзгөчө жетүү кыйынчылык жараткан айылдардын, тоолуу аймактардын жашоочуларын сапаттуу байланыш менен камсыз кылууга басым жасоодо. Уюлдук оператор өз ишмердүүлүгүндө дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн маалыматтык чечимдерин колдонуп, аларга негизделген техникалык түйүндү курууга каражат жумшоо менен, кубаттуу байланыш тармагынын пайдубалын түптөп келет.
Жабдууларды модернизациялоонун жана заманбап инфраструктураны түзүүнүн алкагында MegaCom 2021-2022-жылдарда Баткен облусунда 15 жаңы базалык станцияны ишке киргизди.
2021-жылы 10 заманбап базалык станция курулуп, алар Баткен районунун Суу-Башы, Кадамжай районунун Үч-Коргон, Какыр, Валакиш, Калтак, Лейлек районунун Интернационал, Борбордук, Кара-Суу айылдарында, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарында жайгаштырылган.
2022-жылы Төрт-Күл суу сактагычынын аймагында, Баткен районунун Чоң-Талаа, Кадамжай районундагы Какыр жана Кон айылдарында, ошондой эле облустун административдик борборунда − Баткен шаарында дагы беш жаңы базалык станция ишке киргизилди.
Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя шаарларында, Айдаркен, Кадамжай, Чаувай шаарчаларында жайгашкан базалык станцияларды модернизациялоо 4G түйүнүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, байланыштын жана мобилдик интернеттин сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү. Бул тизмеге төмөндөгү айылдарды да кошууга болот:
Базалык станцияларды жаңылоо боюнча байма-бай аткарылып туруучу жумуштардын натыйжасында Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында, Кадамжай, Чаувай шаарчаларында жана айрым калктуу конуштарда 3G түйүнүнүн кубаттуулугу артты.
Алар:
Бир катар айылдарда MegaCom 2G түйүнүнүн базалык станцияларынын сигналы жакшыртылды:
Кошумча жабдуулар ишке киргизилип, Восточный айылында, жана да бир катар калктуу конуштарда жашаган MegaCom абоненттерине 4G түйүнү жеткиликтүү болуп калды:
3G стандартындагы жаңы базалык станциялар орнотулган калктуу конуштар:
Абоненттерге ыңгайлуу болушу үчүн, Компаниянын расмий сайтында онлайн-шарттамда Каптоо аймагынын интерактивдүү картасы жеткиликтүү. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциялардын, ошондой эле 2G, 3G жана ыкчам 4G-түйүндөрүнүн сигналдарынын деңгээлин оңой көзөмөлдөп турууга болот.