Ташкент марафону: Жеңил атлетика боюнча курама команда 3 алтын, 1 күмүш медаль жеңди

Бүгүн, 27-март "Ташкент-2022" эл аралык марафону өтүп, жеңил атлетика боюнча улуттук курама команда 4 медаль жеңди. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Марафондо (42 чакырым 195 метр аралыкка) эркектер арасында Илья Тяпкин 2 саат 21 мүнөт 39 секунд көрсөткүчү менен алтын медаль жеңди.
Ал эми ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Гулшаной Сатарова 1-орунду ээледи.
Жарым марафондо (21 чакырым 97 метр аралыкка) эркектер арасында Нурсултан Кеңешбеков 1 саат 4 мүнөт 13 секунд көрсөткүчү менен алтын медалдын ээси болду. Ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Мария Коробицкая күмүш медаль тагынды.
Жарым марафон аралыгында ошондой эле Айтпай уулу Бердигул 4-орунду ээледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан