Футбол: Ак шумкарлар тажик курамасы менен беттешет

Футбол боюнча Кыргызстан жана Тажикстан курамалары «Navruz Cup 2022» эл аралык мелдешинин алкагында беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 15:30да Өзбекстанда өтүп жаткан «Navruz Cup 2022» эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстан жана Тажикстан курамалары беттешет.
"Кымбаттуу Ак шумкарлардын күйөрмандары! Эгерде биздин оюнчулардын жандуу оюнуна күбө болуп, колдогуңуз келсе сиз үчүн жакшы жаңылык бар. «Navruz Cup 2022» эл аралык мелдешинин алкагында өтө турган Кыргызстан-Тажикстан беттешине Наманган шаарына КФC трансфер уюштуруп жатат.
29-март, саат 15:30, Наманган убактысы.
Билет жана трансфердин (Ош-Наманган-Ош) баасы – 500 сом.
Трансфер оюн күнү Ош шаарынан жөнөйт (паспорттун жаныңызда болушу зарыл), так жери жана убактысы боюнча маалымат толукталат.
Кенен маалымат: 0222 15 15 15.
Ак шумкар курамасын өтө маанилүү оюнда колдоп келиңиз! Дем-күч болуп бериңиз", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан