"Катар-2022": Канада тарыхта экинчи ирет Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды

Футбол боюнча Канада улуттук курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды.

Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында канадалыктар Ямайканы 4:0 эсебинде жеңип алды. Бул беттештен кийин Канада 28 упайы менен Түндүк жана Борбордук Америка тайпасында биринчи орунду ээлеп, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алды. Ямайка 8 упай менен жетинчи орунда.

Муну менен Канада өз тарыхында экинчи жолу Дүйнө чемпиондугуна катышат. Алгачкы жолу бул улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугуна 1986-жылы катышкан. Анда Канада СССР, Франция жана Венгрия менен бир тайпада ойноп, акыркы орунду ээлеп калган.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу ушул жылдын 21-ноябрында башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан