Башкы прокуратура: "Ысык-Көлдө маданият үйүн салууда 2 миллион сом өөнөп калгандарга кылмыш иши козголду"

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн атайын текшерүүнүн жүрүшүндө Төрт-Күл айылындагы 200 орундуу маданият үйүн салууда дирекциянын адамдары курулушчулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, отчётко жасалма документтерди тиркеп, аткарылбаган иштер тууралуу маалыматтарды киргизген.

Мунун натыйжасында мамлекетке 2 миллион 101 миң сом зыян келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан