Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы “Navruz Cup 2022” эл аралык мелдешинин алкагында Тажикстан курама командасына каршы беттешет.
Оюн Өзбекстандын Наманган шаарында өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат.
Беттеш “Navruz Cup 2022” эл аралык мелдешинин коло байгеси үчүн болот. 25-мартта Ак шумкарлар жарым финалда Өзбекстанга 3:1 эсебинде утулса, Тажикстан Угандага пенальтилер сериясында утулуп калган.