Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы "Navruz Cup 2022" эл аралык мелдешинин алкагындагы Тажикстан курама командасына каршы оюнга карата негизги курамда оюн талаасына чыга турган футболчулардын тизмеси жарыяланды.
Негизги курамда оюн талаасына чыга турган футболчулардын тизмеси:
Дарбазачы: Эржан Токотаев;
Коргоочулар: Айзар Акматов, Тамирлан Козубаев, Александр Мищенко, Бекжан Сагынбаев;
Жарым коргоочулар: Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шүкүров, Одилжон Абдурахманов, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу;
Чабуулчу: Мирлан Мурзаев.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да старт алат.