Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Ташкентте өткөн жолдоштук беттеште Өзбекстанга 4:2 эсебинде утулуп калды.
Оюн бүгүн, 29-мартта өттү. Анда Кыргыз курамасы жолдоштук беттештин биринчи оюнунда 4:2 эсебинде жеңилди. Кыргыз курамасынан голдорду 8-мүнөттө Максат Алимов киргизсе, экинчи голду 40-мүнөттө Айдар Абдыжалил уулу киргизген.
Эртең, 30-мартта жолдоштук беттештин экинчи оюну өтөт.
Өзбекстан менен болгон бул жолдоштук беттештер 10-13-апрель күндөрү Бишкекте өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык катары өтүүдө.