Талас шаарында энесин өлтүрдү деген шек менен анын уулу кармалды

Талас шаарында энесин өлтүрдү делген шек менен анын уулу кармалды. Бул тууралуу Талас шаардык ИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-ноябрь күнү Талас шаарынын Манас көчөсүнө "Тез жардам" кызматы чакырылган. Алар барган учурда денесинен ар кандай жаракаттарды алган 1945-жылкы Б.Галина оор абалда болчу. Ал алган жаракаттарынан улам "Тез жардам" унаасынын ичинен каза тапкан.

Талас шаардык ИИББи тарабынан жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде кылмышка  шектүү делинип маркумдун уулу, 1971-жылы туулган Б.Евгений кармалган. Анын батирин тинтүүгө алганда 150 грамм баңгизаты табылган. Учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан