Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз мамлекеттик юридикалык Академиясынын 10 жылдыгына арналган Эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу бүгүн уюштуруу тобунун мүчөлөрү билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеште 7 комплект медаль ойнотулат жана ал үчүн Кыргызстан жана Казакстан мамлекеттеринен 87 балбан күч сынашат.