"Катар-2022": Нигериялык күйөрмандар жолдомо утпай калгандан кийин стадиондо баш аламандык жаратты (видео)

Нигериялык күйөрмандар улуттук курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунда жеңилип калгандан кийин стадиондо баш аламандык жаратышты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Оюн Нигериянын Абуджа шаарындагы Улуттук стадиондо өткөн. Анда Нигерия менен Гана курама командалары кез келип, 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Конокто гол киргизгендиги үчүн Гана курама командасы 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды.

Оюндан кийин нигериялык күйөрмандар стадиондун талаасына чуркап чыгышып, колго түшкөн биринчи нерселерди, өзгөчө бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

Маалым болгондой, футболчулар трибуналардын астындагы жайга жашынууга үлгүрүшкөн. Күйөрмандарды таратуу үчүн укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

Белгилей кетсек, нигериялыктар 2006-жылдан бери биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугунан ажырады.

Нигериялык күйөрмандар стадиондо баш аламандык жаратышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан