Ак шумкарлар ФИФАнын жаңыланган рейтингинде бир тепкичке жогору көтөрүлдү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 95-орунга жайгашты. Жаңыланган рейтинг ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.

Рейтингге 211 өлкө кирет. Анын ичинен Ак шумкарлар 1 миң 218 упайы менен 95-орунду камсыздады.

ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башында Бразилия (1832 упай) командасы жайгашса, Бельгия (1827 упай) курамасы экинчи орунга жана Франция курамасы (1789 упай) үчүнчү орунга жайгашты.

Ал эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан 114, Казакстан 125, Өзбекстан 83 жана Кытай 77-орунга жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан