"Катар-2022": Бүгүн чүчү кулак аземи. Командалар кандай торчого бөлүндү (тизме)

Бүгүн, 1-апрель күнү Катардын Доха шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна чүчү кулак тартуу аземи өтөт.

Чүчү кулактын алдында бардык командалар ФИФАнын рейтингине ылайык сегиз командадан турган төрт идишке бөлүнөт. Турнирдин кожоюну катары Катар гана дүйнөлүк классификацияда 51-орунду ээлегенине карабастан алдынкы катардагы топко кирет. Акыркы корзинада ФИФАнын рейтинги боюнча эң алсыз командалар жайгашат.

1-корзинада: Катар (Турнирди кабыл алуучу өлкө), Бразилия, Бельгия, Франция, Аргентина, Англия, Испания, Португалия.

2-корзина: Нидерланды, Дания, Мексика, Германия, АКШ, Уругвай, Швейцария, Хорватия.

3-корзина: Сенегал, Иран, Япония, Марокко, Сербия, Польша, Түштүк Корея, Тунис.

4-корзина: Камерун, Канада, Эквадор, Сауд Арабиясы, Гана.

Ошондой эле 4-корзинага Перу - Австралия, Коста-Рика - Жаңы Зеландия жубунун жеңүүчүлөрү жана Шотландия/Украина/Уэльс тайпасынын жеңүүчүлөрү кирет.

Чүчү кулак тартуу аземи Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан