Баткен облусунда волейбол боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталды

25-ноябрда Баткен облусунун Чоң-Кара айылында волейбол боюнча республикалык мелдеш болду. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Бишкек шаарынан, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан, Ноокат, Кадамжай, Лейлек райондорунан жана Өзбекстандан келген 8 команда 2 тайпага бөлүнүп чемпиондукка ат салышкан. Өз тайпаларында алдынкы 2 орунду ээлеген командалар жарым финалдык оюн өткөрүп, чемпионду аныкташты.  

Жыйынтыгында, Бишкектин командасы 3-орунду ээлесе, 2-орунду Жалал-Абад облусунун командасы ээледи. Ал эми чемпиондукту Баткен облусунун командасы утуп алды.

Кошумчалай кетсек, мелдеште жеңүүчү аталган команда Ауди-80 үлгүсүндөгү унаага ээ болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kozer
2013-11-26 16:25:03
Алга Баткен алга Кыргызыстан.
0
Mirbek.83
2013-11-26 21:05:43
Ноокат мен силерди мактап журсом женилип калдынарбы.
0
Almaz1988
2013-11-27 00:39:31
Азаматсынар баткендиктер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан