Бир клуб үчүн өткөрүлгөн оюндардын саны боюнча Пеленин рекорду жаңыланды

Бразилиялык клуб “Сан-Паулунун” 40 жаштагы дарбазачысы Рожериу Сени Бразилиянын чемпиондугунун 36-турунда клуб үчүн 1117-оюнуна чыкты. Муну менен ал бир клуб үчүн чыккан оюндарынын саны боюнча легендарлуу футболчу Пелени ашып түштү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Пеле өз кезегинде бразилиялык “Сантос” клубунун курамында 1116 оюнга чыккан.

Эске салсак, Сени “Сан-Паулунун” негизги дарбазачысы катары 1992-жылдан тарта ойноп келет. Ал буга чейин дарбазачылардын арасында эң көп гол киргизген дарбазачы катары тарыхка кирген (113 гол). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан