Кечээ, 1-апрелде Доха шаарында 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык этабына чүчү кулак тартуу аземи өттү.
Чүчү кулактын жыйынтыгында Дүйнө чемпиондугунда командалар төмөндөгүдөй тайпаларга бөлүндү:
А тайпасы: Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланды;
В тайпасы: Англия, Иран, АКШ, Уэльс/Украина/Шотландия;
С тайпасы: Аргентина, Сауд Арабиясы, Мексика, Польша;
D тайпасы: Франция, Перу/Австралия/БАЭ, Дания, Тунис;
E тайпасы: Испания, Коста-Рика/Жаңы Зеландия, Германия, Япония;
F тайпасы: Бельгия, Канада, Марокко, Хорватия;
G тайпасы: Бразилия, Сербия, Швейцария, Камерун;
H тайпасы: Португалия, Гана, Уругвай, Түштүк Корея.
Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы беттешти Катар-Эквадор жубу ачып берет.
Турнир Катар-Эквадор беттеши менен ачылат. Дүйнө чемпиондугу 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.