Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын футзал боюнча улуттук курамалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бишкекте 10-13-апрелде өтө турчу Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдыктарды көрүп жатат. Анын алкагында бүгүн, 4-апрель күнү борбор калаабызда улуттук курам, Тажикистандын улуттук курамасына каршы жабык жолдоштук беттеш өткөрөт.