Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери арасында спорттук таймаштар өткөрүлөт

7-12-декабрь аралыгында Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери арасында спорттук таймаштар өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш мамлекеттик күч органдарынын кызматкерлери арасында өзүнчө, күч органдарына тиешеси жок башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери арасында өзүнчө тайпада өтөт. Анда армрестлинг, бильярд, волейбол, гиря спорту, кичи-футбол, дартс, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, мылтыктан ок атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш сыяктуу спорт түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан