Бишкекте велосезон расмий ачылды

Бишкекте велосезон расмий ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жекшемби, 3-апрелде Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында Дене тарбия жана спорт күнүнө арналган “Сергек жашоо – Дени сак муун” урааны астында 2022-жылкы велосезондун расмий ачылышы болуп өттү!
Ага "Вело Friends Позитив KG" АКнун б президенти Данил Кыдыралиев, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов катышты.

Жарышка, ошондой эле иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн байгелерин ойнотууга 700гө жакын велосипедчилер катышты.

Мындан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан