Футзал: Кыргыз улуттук курама командасы Тажикстанды 6:5 эсебинде жеңди

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бишкекте өткөн Тажикстанга каршы жолдоштук беттеште каршылашын 6:5 эсебинде жеңип алды.

Оюнда 1-тайм 25 мүнөттү түзгөн. Анда Кыргыз курамасынан голдорду Махмадаминов (10), Данияр уулу (13,13), Мамбеталиев (24), Абдыжалил уулу (32), Кубанычов (38) киргизген.

Беттеш жабык өттү.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда тарыхта биринчи жолу Азия Кубогунун тандоо туру өтөт. Тандоо туру 10-13-апрель күндөрү Бишкекте өтөт.

Анда "А" тайпасында орун алган Кыргызстан улуттук курама командасы дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири Иран, Түркмөнстан жана Мальдив менен кез келет.

Мындан тышкары Бишкекте "В" тайпасынан Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Непал курамалары ортосундагы оюндар өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан