"Катар-2022": Дүйнө чемпиондугуна билеттер канча сом?

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Дүйнө чемпиондугуна билеттерди сатуунун биринчи этабында 804 миң 186 билет сатты. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Дүйнө чемпиондугуна билеттерди эң көп Катар, АКШ, Англия, Мексика, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Индия, Бразилия, Аргентина жана Сауд Арабиянын жарандары сатып алган.

Күйөрмандар билеттерди эң көп турнирдин ачылышына жана турнирдин финалына сатып алган.

Чет элдик күйөрмандар үчүн Катардагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын оюндарына билеттердин баасы 250дөн 800 катарлык риалга чейин (5890 сомдон 18800 сомго чейин). Ал эми жергиликтүү тургундар үчүн 40 риал (942 сом).

Финалдык оюндар үчүн билеттин баасы 750 катар риалы (17670 сом), чет элдик күйөрмандарга 2200дөн 5850 катар риалына чейин (51 832 сомдон 137826 сом) болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан