Чүй РИИБи менен Чүй облустук ички
иштер башкы башкармалыгынын иликтөөчү тобу тарабынан мыкаачылык менен киши өлтүрүү кылмышына
шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-ноябрда саат
12:30дар чамасында милиция бөлүмүнө Совет айылынан адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу
маалымат түшкөн. Иликтөөчү топ мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жаран Ивановка
айылынын 37 жаштагы тургуну экенин аныкташкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза
кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн
жүрүшүндө Чүй районунун 21 жаштагы жашоочусу жана Жайыл районунун 24 жаштагы
жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
Соттук-медициналык
экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.