Кара-Буура райондук ички иштер
башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 22-ноябрда баңгизаттарын мыйзамсыз
сактаган адам кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгын
басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура
районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында 1966-жылы туулган Яшар С. аттуу жаран 1 килограмм 320
грамм баңгизатын үйүндө сактаган.
Кара-Буура райондук сотунун токтому менен
жеке менчик үйлөрдө тинтүү жүргүзүүгө уруксат берилген. Азыркы тапта аталган
факты боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.