Чемпиондор Лигасынын биринчи күнүндө англиялык клубдар жеңишке жетти

Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык жуптары "Ливерпуль" - "Бенфика" жана "Манчестер Сити" - "Атлетико Мадрид" Чемпиондор Лигасында алгачкы беттештерин өткөрүштү.

Лиссабондо "Ливерпуль" конокто жеңишке жетти. 17-мүнөттө Ибрагим Конате эсепти ачса, 34-мүнөттө Садио Мане англиялык клубдун артыкчылыгын эки эсеге арттырды.

Экинчи бөлүктө командалар "Бенфика" көзгө толумдуураак оюн алып барды. Алгач Дарвин Нуньес 49-мүнөттө эсеп санын 2:1ге айлантса, финалдык ышкырык жаңырарына бир нече мүнөт калганда, тагыраагы 87-мүнөттө Луис Диас эсеп санын 3:1ге айлантты.

Параллель беттеште "Манчестер Сити" "Атлетико Мадридди" жеңди. Беттештеги жалгыз голду 70-мүнөттө Кевин Де Брюйне киргизди.

Бул жуптук беттештердин жооптук оюну 13-апрелде орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан