Бишкекте салык кызматынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкектин Ленин райондук салык кызматынын инспектору пара алуу кылмышына шектелип кармалды. Муну Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Шектүү жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түштү. 

Инспектор "Ош базарынын" аймагында иш жүргүзмөкчү болгон бишкектик тургундан 4000 сом талап кылыптыр. 26-ноябрда ыкчам чара көрүлүп, салык кызматкери аталган сумманы алып жаткан учурда кармалганы белгилүү болду. Текшерүүдө анын жанынан башка дагы 50 000 сом табылды.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан