Жалал-Абадда милиция кызматкери тапанчасы менен аялын атып, андан кийин өзүн-өзү атып өлдү. Муну Жалал-Абад ОИИББиден билдиришти. Кылмыш 26-ноябрда болду. Үйүнө келген милиция кызматкери аялы менен чатакташа кетип, табелдик тапанчасы менен аны атып жиберген. Жаракат алган аялы учурда ооруканада. Ал эми аялынан кийин өзүнө ок чыгарган милиция кызматкери ошол жерден эле каза тапканы айтылды. Окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат.