Кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланыштуу соттук отурум 2-декабрга жылдырылды

Кечээ, 26-ноябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланыштуу соттук отурум 2-декабрга жылдырылды. Мындай чечимди соттук отурумга төрагалык кылган Бишкек шаарынын сотунун судьясы Жамал Жусупова чыгарды.  

Анын айтымында, сот отуруму учурунда залда күбөлөр толук болгон эмес. Буга байланыштуу соттук отурум жылдырылган.

Эске салсак, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту К.Көлбаевди “опузалап акча талап кылуу” беренесинин эки эпизоду боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан. Ал эми мыйзамсыз "баңгизат сактоо", "бийлик өкүлүнө кысым көрсөтүү", "адам уурдоо" жана башка беренелер боюнча акталган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан