Ош. Жалал-Абад шаарында өткөн спорттун каратэ-до WKF түрү боюнча III Эл аралык мелдеште Ош шаарынын спортчулары ийгилик менен кайтышты

Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрынан  24-ноябрына чейин Жалал-Абад облусунда  спорттун  каратэ-до WKF түрү боюнча III Эл аралык мелдеш болуп өттү. Аталган спорттук иш-чарага коңшулаш Казакстан, Тажикстан Республикаларынан спортчулар келип катышкан. Мелдешке Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Дене тарбия бөлүмүнүн студенттери катышып келишти. Жыйынтыгында Абдижалил уулу Атайбек 1-орунга, Мамазакир уулу Бакыт 2-орунга, Ормон уулу Мурат, Шермахамат уулу Уланбек жана Айбек уулу Жумадылдар 3-орунга ээ болуп,  диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан