Бишкекте 1 жаш 8 айлык жээнин сабап салган аял кармалды

Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, борбордо 1 жаш 8 айлык жээнин сабап салган аял кармалды. Азыркы тапта наристе №3-балдар ооруканасында эсине келбей жатат. Ага "мээси чайкалган жана баш сөөгү жарылган" деген диагноз коюлду. 

Кыздын таежеси 35 жаштагы Гүлмира Д. Жалал-Абад облусунда туулган. Ал жээнин карап үйдө отурган жана аны көп сабачу экен. Анын бул жолку уруусуна кыздын ата-энеси 2000 сом өлчөмүндөгү эмгек акысын төлөбөгөнү себеп болгон. 

Кармалган аял Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алды. Азыркы тапта ага карата кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Boru87
2013-11-27 09:50:50
колун сынгыр! турмодогу катындар сабаса жакшы болот сени...
0
Sagidko88
2013-11-27 16:45:51
Boru87 кошулам!
0
doni89
2013-11-27 10:32:40
Ушунчалык жаш наристенида сабайбы айбан десе күчү жетсе акчасын бербеген апасын атасын сабабайбы...
0
Sezy
2013-11-27 10:47:54
Jashoo emne bolup baratat? Kudai saktai kor, kyndon kyngo adamdar mykaachy bolup ele baratat. Ushintip otursak biri biribizdi jep jutabyz go.
0
Xamer
2013-11-27 10:48:42
Атып салыш керек!
0
Asus84
2013-11-27 10:49:30
чала болот эми жата берсин колун кармап
0
Zarema94
2013-11-27 11:14:41
о0о кудай, мындайлардын бетин нары кылсын!
0
Айдай
2013-11-27 14:47:39
Ошону ким "ЭНЕ" дейт? Ээээ кудай!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан