УКМК: "Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары кармалды"

Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өкмөткө караштуу Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. жана өкмөткө караштуу Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б. көзөмөлү астында ири суммадагы акча каражатын Кытайга мыйзамсыз которуу боюнча туруктуу канал уюштурган бир нече жарандардын тобун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүн текшерүүдө.

Кылмыштуу топтун жетекчилери О.А. жана Ж.Б. аттуу Кыргыз жарандары экендиги аныкталып, алар "Халык Банк Кыргызстан" ААКсы башкармалыгынын төрагасынын орун басары И.М.нын жардамы менен өздөрүнүн фирмалары жана жасалма компаниялары аркылуу Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө контрабандалык жол менен алып келинген акча каражаттарын которууну ишке ашырып, андан кийин жасалма бажы документтеринин негизинде Кытайга өткөрүп берген. 2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин "Бишкек үч жүз он эки" ЖЧКсынан "Халык Банк Кыргызстан" ААК коммерциялык банк аркылуу Кытайга 49 миллион 153 миң 999 долларды накталай түрдө О.А. которгон. 2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин "Кейджи Импэкс" ЖЧКсы "Халык Банк Кыргызстан" ААК коммерциялык банкы аркылуу Кытайга 311 миллион 56 миң 270 доллар которгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында быйыл 7-апрелде жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан