Жалал-Абад облусунда күйүүчү май ташыган унаа дарыяга кулап кетти. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-ноябрь күнү саат 15:20лар чамасында 40 тонналык күйүүчү май ташыган унаа Токтогул районундагы Чычкан дарыясына кулап, ичиндеги күйүүчү май сууга төгүлдү. Бул жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 263-чакырымында болгон.
Ошондой эле Токтогул райондук куткаруу кызматы унаанын ичинен 37 жаштагы жүргүнчүнү алып чыккан. Учурда унаанын айдоочусу изделүүдө.