Футзал: "Ак шумкарлар" Бишкекте өткөн маанилүү беттеште Түркмөнстанга утулду. Эми эмне болот?

Бишкекте өтүп жаткан футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Түркмөнстан менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңилип калды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эки команда тең канчалык аракет кылбасын эсеп санын ача алышкан жок. Экинчи бөлүктө коноктор эки гол киргизсе, андан кийин Шохрух Махмадаминов эсеп айырмасын кыскартты. Оюндун бүтөрүнө 45 секунд калганда Түркмөнстандын курама командасы үчүнчү голун киргизди.

Муну менен Түркмөнстан тайпадагы маанилүү делген 3 упайды алып кетти.

Эми эмне болот?

Биздин тайпабызда дүйнөдөгү күчтүү командалардын бири Иран, Түркмөнстан жана Мальдив аралдары бар.

Бүгүн, 11-апрелде Иран курамасы Түркмөнстан менен ойносо, "Ак шумкарлар" Мальдив менен ойнойт. Кыргыз курамасы Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуусу үчүн алдыдагы эки оюнда тең жеңишке жетиши керек же Мальдив Түркмөнстанды утса, көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар. Мальдив курамасы тайпадагы эң алсыз команда экенин баса белгилей кетүү керек. Алардын Түркмөнстан курамасын жеңиши күмөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан