Кыргызстанды утуп алган Түркмөнстандын футзалчыларына Бишкекте сейилдөөгө тыюу салынды

Футзал боюнча Азия Кубогунун тандоо турнирине катышуу үчүн Кыргызстанга келген түркмөнстандык футзалчыларга мейманканадан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын бийлиги футзал боюнча курама командасынын мүчөлөрүнө Бишкектин айланасында ээн-эркин жүрүүгө уруксат берген эмес.

"Футзалчылар Hyatt мейманканасында жайгашкан. Аларга оюн күнү гана мейманканадан чыгууга уруксат берилет. Түркмөнстандын бийлиги футзалчылар COVID-19 инфекциясын жугузуп алып, инфекцияны мекенине алып келиши мүмкүн деп кооптонууда", - деп жазылат маалыматта.

Башка версия боюнча, Түркмөнстандын бийлиги тарыхында үч президентти кулатууну башынан өткөргөн Кыргызстан Түркмөнстандын жарандары үчүн ээн-эркин жүрүүгө эң жакшы өлкө эмес деп эсептейт. Шаардагы атмосфера команда мүчөлөрүнүн маанайына терс таасирин тийгизет деп эсептешет.

Кечээ, 10-апрелде өткөн Кыргызстан-Түркмөнстан беттешинде Түркмөнстан 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан