Футзал: Ирандын башкы машыктыруучусу "Ак шумкарлар" менен оюн оңой болбой турганын айтты

Футзал боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири болгон Иран курама командасынын башкы машыктыруучусу Вахид Шамсайи маалымат жыйында Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен боло турган оюн оңой болбой тургандыгын айтты.

"Биз тайпадагы үч атаандашыбызга өзгөчө сылык мамиле жасайбыз. Кыргызстан бул турнирди өткөрүп жаткандыктан башка оюндарга караганда бул команда менен боло турган оюн биз үчүн оор болот. Биз Түркмөнстандын оюнун дагы көрө элекпиз, алар менен бүгүн ойнойбуз. Биз бул оюндарда жаңы оюнчуларыбызды Азия Кубогуна даярдайбыз", - деди Шамсайи.

Азия Кубогуна тандоодо Иран курама командасы Кыргызстан менен эртең, 12-апрелде беттешет. Беттеш саат 20:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан