Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Улан-Батор шаарында өтө турган күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Курама команда алгач 16-апрелден 21-апрелге чейин аталган шаарда эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Кыз-келиндер курама командасы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат:
Азия чемпиондугуна катыша турган балбан кыздардын тизмеси:
1. Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;
2. Мээрим Жуманазарова, 68 кг;
3. Айпери Медет кызы, 76 кг.