“Салам-Алик” волейбол клубунун кыз-келиндер курама командасы кечээ, 26-ноябрда Курманжан датканын Кубогуна арналган мелдештин жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрда Ош шаарында өткөн мелдеште “Салам-Алик” (Бишкек) командасы “Динамо УВД” (Жалал-Абад) жана “Улар” (Бишкек) командаларын утуп алды. Бул жеңиштер ага чемпиондукту камсыздады.
Бүгүн, 27-ноябрда мелдештин күмүш медалы үчүн “Улар” жана “Алай-Датка” (Ош) командалары беттеш өткөрүшөт.