Кечээ, 11-апрелде Бишкекте өтүп жаткан футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Мальдив аралдары менен кез келип, 7:1 эсебинде жеңип алды.
Бул жеңиш "Ак шумкарлардын" Азия Кубогуна тандап алуудагы алгачкы жеңиши. Эми Кыргыз курамасын алдыда маанилүү делген Иран менен болгон беттеш күтүп турат.
10-апрелде Кыргызстан курама командасы тайпадагы негизги атаандаштарынын бири болгон Түркмөнстанга 3:1 эсебинде жеңилип калган.