Кыргызстандык 7 бильярдчы “Кремль Кубогу-2013” мелдешинин 2-айлампасына чыкты

Ушул күндөрү Москвада бильярддын “кураштырма пирамида” түрү боюнча өтүп жаткан “Кремль Кубогу-2013” мелдешинде кыргызстандык 7 кий чебери мелдештин 2-айлампасын чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Каныбек Сагынбаев, Антон Нетесов, Камолиддин Есиддинов, Качкымбай Нурумбетов жана Дастан Лепшаковдор мелдеште экиден беттештерин катары менен утуп, кийинки турга өтүштү. Ал эми Зайлан Адамов менен Канат Сыдыков тандап алуу оюндарысыз мелдештин биринчи турунда ойноп, кийинки турга чыгышты. 

Кошумчалай кетсек, мелдешке 318 кий чебери катышууда. Мелдештин байге фонду 4 миллион рубль. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан