Бүгүн, 12-апрелден 13-апрелге караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын жооптук оюндары өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/4 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "Реал Мадрид" (Испания) - "Челси" (Англия);
"Сантьяго Бернабеу" стадиону (Мадрид шаары, Испания);
Башкы калыс: Шимон Марциняк (Польша).
Бул эки команданын алгачкы оюну 7-апрелде өтүп, 3:1 эсебинде мадриддик клубдун жеңиши менен аяктаган.
"Бавария" (Германия) - "Вильярреал" (Испания);
"Альянц Арена" стадиону (Мюнхен шаары, Германия).
Башкы калыс: Славко Винчич (Словения).
Бул эки команданын дагы алгачкы оюну 7-апрелде өтүп, 1:0 эсебинде "Вильярреал" клубунун жеңиши менен аяктаган.
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.