Кыргыз спортчусу Зулкайнар Шайбек уулу жиу-житсу боюнча Пан-Америка мелдешинде күмүш медаль утту (фото)

Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек уулу АКШнын Орландо шаарында өткөн жиу-житсу боюнча Пан-Америка эл аралык мелдешинде күмүш медаль утту. Мындай маалыматты спортчу өзү SUPER.KG порталына тастыктады.

"PAN American championship” деп аталган мелдеш 5-10-апрель күндөрү өткөн. Турнирге көк кур категориясында 64 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгач үч беттеште жеңишке жетип, финалда колумбиялык мушкерге жеңилип калдым", - деди ал.

Шайбек уулу март айында АКШнын Даллас шаарында өткөн “IBJJF Dallas open" эл аралык мелдешинде No-Gi категориясында алтын, Gi категориясында күмүш медаль уткан.

Зулкайнар Шайбек уулу бир нече жылдан бери АКШда жашап, Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. 30 жаштагы спортчу жиу-житсу боюча Калифорния штатынын бир нече жолку чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан